Момбеков: Абылгазиев Өкмөттөн өттү, Өтмөктөн ары өткөн жок

Автор -

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Таласта төө буурчактын баасы төмөндөп, 25 сомго түшкөнүн айтты.

Эл өкүлү Абылгазиев бул жагдайга көңүл бурбай жатканына нааразы болуп, ал Таласка акыркы жолу 2 жыл мурун барганына токтолду.

«Талас облусу бир гана төө буурчакты өстүрөт, өндүрөт. Бирок бүгүн анын баасы 25 сомго түштү. Өкмөттөн бул нерсеге эмнеге көңүл бурулбайт? Жакында президент Таласка барганда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылып, 25 мамлекеттин өкүлдөрү келгенде өзүм сурагам, алар төө буурчактын баасын 40-60 сомдон алабыз деп айтышкан. Бирок учурда 25 сомго түшүп кетти.  Мухаммедкалый Абылгазиев бул жылы бардык облустарды кыдырып чыкты. Бир гана Таласка барган жок. Өкмөттөн өттү, Өтмөктөн өткөн жок. Таласка эмнеге барбайт, таарынычы барбы?»,-деп билдирди Момбеков.