Нарында унаа оодарылып, 7 адам жабыркады

Автор -

Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 26-октябрь күнү саат 06:48 чамасында “Audi S4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

КР ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары жаракат алган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.