Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды

Автор -
223

Улуттук банк тарабынан 29-октябрдан тарта “Чыңгыз Айтматов -90 жыл” коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов — 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov — 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).

 Ар бир тыйын акрил капсуласына салынып, сертификаттын тиркемеси менен өзүнчө кутуга салынган.

Салмагы 25 грамм болгон монета 5 миң даана чыгарылган. Анын наркы 700 сомду түзөт.