Орусияда акциялар маалында ондогон активист кармалды (Видео)

Автор -

Жекшембиде Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы саясий туткундарды коргоо акциялары маалында 60ка жакын адам кармалды. Алардын көбү протоколдор толтурулгандан кийин бошотулса, бир нечеси таң атканча кармалып турушту.

Акциялар «Новое величия» жана «Сети» деп аталган кылмыш иштери боюнча камалгандардын ата-энелери тарабынан демилгеленген. «ОВД-Инфо» сайтынын маалыматы боюнча Москвадагы акцияга 500гө жакын киши катышты. Калаа бийлиги уюштуруучулардын макулдашылган жүрүш өткөрүүсүнө уруксат берген эмес, ошондуктан демилгечи топ каалоочуларга эч кандай плакаттар жана ураандары жок ФСБ имаратынын алдына келүүнү сунушташкан. Акция өткөрүүгө SERB уюмунун активисттери тоскоолдук кылууга аракет кылышты. Москвада жалпысынан 18 киши кармалды.

Санкт-Петербургда бийлик Марс талаасында митинг өткөрүүгө уруксат бербегендиктен, активисттер шаардын борборуна чогулду. «Свобода» радиосунун маалыматына караганда, полиция 40 кишини кармап кетти, алардын арасында 12 жаштагы кыз жана эрезеге жете элек бир нече бала бар. Кармалгандардын бардыгы кечке жакын протоколдор толтурулгандан кийин кое берилди.

Ростов-на-Дону шаарындагы митингге ондогон киши катышты. Полиция анда «Ачык Орусия» кыймылынын активисти Максим Руденкону кармады. Ал Орусиядагы «ылайыксыз» уюмдун мүчөсү экендиги тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин кое берилди.

Жекшембиде Новосибирск шаарында камактагы саясий активисттерди колдоп бир киши пикетке чыкты. «Сибирь.Реалии» сайты кабарлагандай, ага «Сети» деп аталган иш боюнча куугунтукталып жаткан Арман Сагынбаевдин апасы катышты.

«Новое величия» жана «Сети» иштеринин фигуранттарын коргогон митинг Пенза шаарында дагы өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция маалында эч ким кармалган жок. Ушундай эле пикеттер Воронеж, Иркутск жана Нижний Новгород шаарларында дагы өттү. Хельсинкиде активисттер Орусия элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

Бөлүшүү