Индонезияда жүргүнчү учак деңизге кулады (Видео)

Автор -

Индонезияда Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Боинг 737 учагы кыйрады. Түрдүү маалыматтар боюнча анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон.

Өлкөнүн Табият кырсыктарына каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин өкүлү Твиттердеги баракчасына учак кулаган учур тартылган видеону жарыялады.

Индонезиянын борбору Жакартадан Суматра аралындагы Палканпинанг шаарына багыт алган учак Ява аралынын жээгине кулап түшкөн. Ал абага көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон. Учурда учакты издөө иштери жүрүүдө.​ «Lion Air» — Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагындагы 100дөн ашык учак дүйнөнүн 126 шаарына учат. Кырсыкка учураган учак быйыл августтан бери туруктуу каттамдарды аткара баштаган.