Ош шаарынын айрым аймактарында авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 14-15-ноябрда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
-Кулатов,
-Ак-Тилек,
-Туран кичи райондору.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларын үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.