ӨКМдин маалыматына ылайык, 15-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында газ ташуучу унаа жол жүрүп бара жатып оодарылып өрт чыккан.
«Бактыга жараша унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган О.Г. унаадан жерге секирип аман калган. Айдоочу майда жаракат алган жана абалы туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:10до КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:10до толук өчүрүлгөн.