Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 16:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Мады айылдарында 2,5  баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.