Аксы районунда автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди  

Автор -
463

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жыл-Булак участкасындагы Узун-Сай селканасына көпүрө куруу иштери КР ӨКМнин 2018-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине киргизилген.

Ушул жылдын июль айында КР ӨКМ тарабынан товардык материалдык баалуулуктар: 9500 кг цемент жана 557 кг арматура бөлүнүп берилген.

Жергиликтүү бийлик тарабынан ашар ыкмасы менен автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.

Аталган көпүрө Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Ой, Жол-Сай, Сарымсак-Булун жана Кызыл-Туу айылдарындагы болжол менен 650 кожолуктун автоунаа каттамын байланыштырат.