Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын директору Гэри Линден менен жолугушту.
Жолгушуу учурунда USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын колдоосунда жүзөгө ашып жаткан долбоорлор талкууланды. Бул долбоорлорду ишке ашыруу алкагында, акысыз юридикалык жардамга муктаж болгон жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоону натыйжалуу камсыз кылууну көздөгөн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборлоруна колдоо көрсөтүлүп келүүдө.
Ошондой эле, юстиция министри тарабынан «Юридикалык жактарды онлайн каттоо», «Электрондук нотариус» жана башка багыттарга тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу сунушталды.
Мындан тышкары, өлкөнүн укуктук системасынын негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк бере турган Кыргыз Республикасынын Укуктук саясатынын концепциясын иштеп чыгуунун мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында, ишке ашып жаткан долбоорлордун ийгиликтүүлүгүн белгилеп, жаңы долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.