Жогорку Кеӊеште Социалдык фонддун бюджетине байланыштуу маселелер талкууланып жатканда, депутат Махабат Мавлянова Соцфонд тарабынан жыл сайын эмгечилердин дарылануусу үчүн профсоюз уюмуна берип жаткан каражаттын мыйзамдуу же мыйзамсыздыгына кызыкты.
«280 млн сом аз каражат эмес. Менимче, пенсионерлердин акчасын коомдук уюмга которуп берүүнүн өзү мыйзамсыз. Анын үстүнө, ал каражат көмүскө пайдалана турганы баарына белгилүү. Дегеле, каражатты коомдук уюмга берип салуу жакшылыкка алып келбейт. Алардын бул каражатка кандай тийешеси бар? Ошол каражатты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берилсе, кыйла пайдалуу болмок. Муну Өкмөт ойлонуп көрүп, мындай нерсени токтотушу керек. Буга Эсептөө палатасы да көӊүл бурууга тийиш», — деди депутат.
Андан сырткары,Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиевдин сөзүнөн улам, Кыргызстандагы 648 миӊ пенсионердин 2 пайызы 2 миӊ сомго чейин пенсия алары, ал эми эӊ жогорку пенсия 80 миӊ сомдун тегерегинде экени белгилүү болду.