Бишкек шаарында ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын портрети тартылды (фото)

Автор -
333

Борбор калаада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалы кызынын портрети тартылды. Ал Бишкек медициналык колледжинин имаратында жайгашкан. Бул тууралуу DOXA art-group тобундагы сүрөтчүсү Сергей Келлер жазып чыкты.

Бул кыздын трагедиялуу тагдыры баарына маалым деп ойлойбуз. Портрет коомчулуктун көңүлүн гендердик, аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукка, үй-бүлө куруу үчүн ала качуу маселесин түп-тамырынан жоюуга бурат”, — деп жазган сүрөтчү

19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон.

Баса, кечээ, Бурулайдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлери сурак беришти.

На данном изображении может находиться: 1 человек, стоит и на улицеНа данном изображении может находиться: 1 человек, небо, облако и на улицеНа данном изображении может находиться: 1 человек