Аба ырайы: кар жаайт

Автор -

Эртеӊ, 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14 кечке жуук 0…+5;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…12;

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…-6, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5 градус болот.

Бишкекте  түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын табы 0…+2°, күндүз +11…+13°.