Кылмышка шектүү Анарбай Мамажакыповдун башына ок атып, андан соӊ өрттөп салган

Автор -

Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү тескөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлтүрүлүшү тууралуу айтып берди.

Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков аталган кылмышка шектүү катары кармалып, коргоочу Сатаровдун көзүнчө кылмышты жасаганын мойнуна алып көрсөтмө берген.

Шектүү өзү жана прокурор Мамажакыпов “Лексус” үлгүсүндөгү унаа менен кетишкенде экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланганын айтып берди. Андан соң алар унааны токтотушуп, мушташты улантышкан. Калыков мергенчи мылтыгын алып чыкканда, күрөш учурунда ал жерге түшүп, прокурордун башына ок атылып кеткен. Мелис Калыков коркуп, чылым чегип өзүнүн күрмөсүн кокустан күйгүзүп алган. Күйүп жаткан бушлатын прокурорду өлүгү тарапка таштап койгон. Анын кесепетинен сөөк күйүп кеткен. М.Калыков аябай мас абалда болгон”, — деди прокурор.

Башкы прокуратуранын кызматкери билдиргендей, өлтүрүлгөн жана шектүү адамды кошкондо 8 адам “Лексус” жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалар менен мергенчиликке чыгышкан.

“Толкун суу сактагычынан алыс эмес жерде бул эки унаа кафенин жанына токтошкон. Алардын баары эшикте болуп, өздөрүн токтоо алып жүрүшкөн. Бир убакта Калыков “Лексустун” рулуна отуруп кетип калган. Биздин жумушчулар ошол жерде калышып, эмне болгонун дагы түшүнүшкөн эмес. “Нивага” баары батышпай тургандыктан алар дагы бир унааны чакырышкан, ошол эле учурда Мамажакыповду да издешкен. Ошол убакта “Лексус” жолдон чыгып, унаада чыр чыккан. Андан алыс эмес жерде прокурордун 80 пайыз күйүп калган сөөгү табылган”, — деди прокуратуранын кызматкери.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Мелис Калыков кармалган. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү