Бишкектин борбордук аянтындагы башкы балатынын бийиктиги 25 метр болот

Автор -

Бишкек шаарынын борбордук аянтында башкы балатыны орнотуу иштери улантылып жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, балаты темир каркастан жасалып, орнотуу иштерин «Бишкек свет» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдѳ.

Бул жылы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюу-чиймелер 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип кооздолот.

«Бишкек башкы архитектура» борбордун концепциялык жасалгасын «Кышкы жомок» деп атоону сунуштады.  Ала-Тоо аянтынын ортосуна «Кар ханышасынын» «Муз тактысы » орнотулат.

Ошондой эле муз жылгаяктары курулуп ичине ак илбирс, бугу, аркар ,бүркүт жасалып, ар түрдүү түстөгү жасалгалар менен кооздолот. Борбордун башкы сүрөтчүсү Марат Жороев Бишкек шаарынын гербиндеги элементтер жана өзгөчө кооздолгон 2019 саны менен жаңы жылдык эмблеманы коюуну сунуштады.