Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарынынын мэриясында шаардын экономикалык тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы өнүктүгүнүн жүрүшү боюнча штабдын отуруму болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, тийиштүү жетекчилер жана аймактык кеңештердин төрага төрайымдары катышты.
Жыйындын күн тартибинде 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилинин жүрүшү, электр энергиясына болгон лимиттерди сактоо, көмүр отунун даярдоо жана баасы жөнүндө маселелер каралып, талкууланды.
Ошондой эле, Топчубаев тийиштүү жетекчилерге күзгү-кышкы өнүктүгүнүн жүрүшү боюнча ар түрдүү маселелерди айтып, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө тапшырмаларды берди.