Октябрь районунда жылуулук өтүүчү кудуктун ичине эркек киши түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү саат 11:08де 6-кичи районундагы №14/1 үйдүн жанындагы жылуулук өтүүчү кудуктун ичине эркек киши түшүп кеткен.
КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган жаранды кудуктан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
































