ЖКда Абдывахап Нурбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду жемеледи

Автор -
355

Бүгүн, 12-декабрда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматын өткөрүп берсин деди.

«Мугалимдер 6 миң сом айлык алып, үй алганга туугандарынан карызга акча чогултуп  жүрөт. 200 миң сомдун тегерегинде эң көп айлык алып, мамлекет карызга батып жатканда 5 миллион сомду кечкенден уялбадыңызбы? Уялбай кантип олтурасыз? Моралдык жактан уятыңызды сезсениз кызматыңызды өткөрүп бериниз»,-деди эл өкүлү.

Ал эми Толкунбек Абдыгулов ал кезде өкмөттө иштеп жүргөндүктөн, бул кагазды өзү эсептен чыгарбагандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Башкы банк бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктаган.

Мекеме бул чечим мыйзамдуу экенин айтууда.

Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.