Бишкек шаарында унааларды тоноп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Октябрь районунун тургуну кайрылган. Ал 6-декабрда, саат 20:30 — 21:00 убакыт аралыгында белгисиз адамдар Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасынын айнегин белгисиз адамдар талкалап, 12 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында 23, 27 жана 18 жаштагы балдар кармалды. Аларды текшерүү маалында жанынан 3 телефон, тапанча табылган.
Кармалган балдар 10дон ашык унааны тоношкондугу аныкталды.