Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын коменданттык кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары 18 миң сом пара алып жатканда кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, , 13-декабрда саат 17:30 чамасында УКМКнын кызматкерлеринин оперативдүү тергөө иштеринин жүрүшүндө Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын башчысынын орун басары, подполковник Б.А. 18 миң сом пара алып жатканда кармалган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.