Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди, ага ылайык:

— Салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган субъекттер салыктык каттоого жатат. Мындай редакциялык тактоолор 95-берененин 1-бөлүгүнө киргизилди.

— Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. 96-берене ушундай ченемди караган 2-1-бөлүк менен толукталды.

— Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат. 167-берененин 6-пункту ушул ченем боюнча жаңы редакцияда баяндалды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.