Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
«Раим Матраимов мен президент болуп келгенимде эле иштен кеткен экен. Азыр эми өкмөт менен соттошуп жүрөт. Ал менин учурумда коррупцияга аралашкандай мамлекеттик кызматта эмес да. Убагында жакшы иштеп, Фарид Ниязовдордун жанында жүргөн эле. Эми эле Жээнбековдорго жакын кылып чыгара коюшту. Өздөрү Ошто жакшы иштеди дешип, Бажы кызматына орун басар кылып алып келишкен эле. Бирок алардын үй бүлөсү 2010-жылдан бери КСДП партиясына жан үрөп иштеп келе жатат. Кандай гана шайлоолор болбосун, жакындан жардамдарын көрсөтүп келишти. 2015-жылы Искендер Матраимов партиянын тизмеси боюнча депутат болуп келди. Тилек Матраимов 2013-жылы Кара-Суу районунун шайлоо жолу менен аким болуп келген”, – деди Жээнбеков.