Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.
Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.
Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу тапшырылган. Жол картасын иштеп чыгууда эксперттик топ да иштеген.
«Жумушчу топ 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өлкө Президентинин жогорудагы Жарлыгынан келип чыккан тиешелүү документтердин долбоорлорун киргизүүгө тийиш», – деп эскертти биринчи вице-премьер-министр.
Жол картасы алкагында мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программаларын айкалыштыруу үчүн шарттар даярдалат (методика жана тестирлөө), жарандардын сурамаларына жана башка иш-чараларга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө тутумдары реформаланат.
Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев маалымдагандай, учурда Жол картасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыккан. Тиркелген долбоордо административдик-аймактык реформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аракеттердин 3 баскычы аныкталган.
Биринчи вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын жана административдик ведомстволордун бардык жетекчилери жумушчу топтун сурамасы боюнча ыкчам тартипте тийиштүү маалыматты бериши жана ага колдон келген көмөктү көрсөтүшү тийиш экендигине басым жасады.
«Сиздердин ар-бириңиздер активдүүлүк көрсөтүп, Президенттин Жарлыгын аткаруу алкагында Өкмөттүн алдына коюлган бардык милдеттер өз мөөнөтүндө аткарылышы үчүн күч-аракетиңиздерди жумшооңуздар керек», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.