Кочкор районунда 3 унаа кагышып, 5 адам жабыркады

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-декабрь күнү саат 08:54тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Чат тилкесинде 3 унаа кагышкан. Анда  “ХОВО”, “Хонда-СРВ” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 эркек жана 1 аял ар кандай жеңил жаракаттарды алган.

КР ӨКМнин  №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарга медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү