Бишкекте табып Хашим Зайналиев кармалды

Автор -
289

Бишкек шаарында табып Хашим Зайналиевди кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, табыпка карата арыздар 2016-жылдан бери келип түшүүдө. Ал жарандарды тиешелүү шарты болбогон жеке үйдө кабыл алып келген. Анын бир кардары каза болуп калганы да кабарланган.