Бүгүн, 27-декабрь күнү Жогорку Кеӊештин вице-спикерлигинине депутат Аида Касымалиева дайындалды. Ага 91 депутат «макул», 16 депутат «каршы» добуш беришти.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеванын Төраганын орун басарлыгына дайындалышы менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады. Жаӊы вице-спикер депутаттарга чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген. Ал 1984-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү: 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин журналист адистиги боюнча кызыл диплом менен бүтүгөн. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, эркин жазат.
Аида Касымалиева КСДП фракциясы тарабынан кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна дайындалды.
Белгилей кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Асел Кодуранова парламенттин вице-спикерлигинен кеткен эле.
Депутат Иса Өмүркулов вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштаган.
Иса Өмүркулов вице-спикер Асел Кодуранованы кызматынан чакыртып алууну сунуштады