ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, 7-январь күнү саат 19:48де куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунун №76 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинен 1957-жылы туулган И.Н.А аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.