FIFAнын Кыргызстандагы калысы, рекордсмен Бахадыр Кочкаров КРнын футбол федерациясынын президенттигинин кызмат ордуна талапкерлигин койду.
«Мени эл суранып койдуруп жатат. Негизи мен калыс болгонум менен бир гана командага жан тартам. Ал – Кыргызстандын улуттук курама командасы. Эгер мен федерациясынын президенти болуп калсам, бардык күчүмдү кыргыз футболунун өнүгүүсүнө жумшайм«, – деди Кочкаров.
Азырынча Футбол федерациясынын президенттигине Кочкаровдон башка талапкердин аты атала элек.