Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Элвира Сурабалдиева мас болуп жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери жөнүндө түшүндүрмө сурады.
«Кече күнү жол кырсыгынан кош бойлуу аял каза болду.Сиздер транспортко канча акча коротосуӊар анын баары сыр катылган. Ушундай мас болуп унаа айдагандан кийин эл кантип милиция кызматкерлерине ишенип транспорторун берет?»,-деп билдирди эл өкүлү.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев; «Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Ал жерде милиция кызматкери эмес айдоочу деп жазылыптыр. Ал айдоочу деп эсептелинип, тергөөчү жактан иш алынып барууда»,-деп жооп берди.