Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга “сүйүнчү пул” чегерүү жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек менен Чүй облусунда жөлөк пул берүүнүн жөнөкөйлөшкөн механизми тесттик түрдө ишке кирди. Мындан ары акча райондук жана шаар башкармалыктарынын кийлигишүүсүз эле электрондук системанын жардамы менен берилет. Долбоор Бишкектин Свердлов району менен Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 31-мартка чейин ишке кирет.
“Бул арыз толтуруудагы катачылыктардын алдын алууга жана акча алуунун мөөнөтүн кыскартууга жардам бермекчи. Ушул тапта жөлөк пул алуу үчүн арыздар Кыргызстандын 444 жеринде кабыл алынат. Анын алтымышы — ЗАГС органдары болсо, 16сы — калкты тейлөө борборлору. Ал эми 368и — маалымат күркөлөрү”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2018-жылы «сүйүнчү пулду» 90 849 адам алган.