Жакында эле сот 2016-жылдан бери башы чыр-чатактан чыкпай келаткан эмчи-домчу Хашим Зайналиев аттуу алдамчы немени бошотуп жиберди. Эми ага карата эӊ кандай доомат жок имиш. Ушу кантип болсун, адамчынын колунан жапа чеккен, өлүм тапкан адамдардын убалы кимге! Ал үчүн ким жооп берет? Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Хашим Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылаганга лицензиясы жок. Ачыгын айталы, анын бейтаптарга койгон диагнозу – карандай калп! Кайсар соттор аз келгенсип, аны айрым дарыгерлер да колдоп чыгыптыр. Уят! Кайдагы бир алдамчыга каршы туралбаган, тийиштүү чара көрө албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Жанагы мылжыӊ министрден да кутулуу зарыл», — деди ал.
Белгилей кетсек, табып Хашим Зайналиев сот залынан бошотулуп, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон иш жабырлануучунун өтүнмөсү менен токтотулган.