Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы жана газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.
Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
— 9:30— 11:00— Матросов, Сумск көчөлөрүндө;
— 9:30— 12:00— 7-кичи районунун 26-28 көчөлөрүндө жана Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 150-үйдө;
— 9:30— 14:00— Байтик баатыр көчөсүндө;
— 9:30— 17:00— Гоголь көчөсүндө, Арча-Бешик конушунун Алты-Түтүн, Чортеков көчөлөрүндө;
— 9:30— 18:00— Тынчтык конушунда, Токтогул, Үмөталиев, Сыдыков, Тимирязев, Медеров, Темиров, Шоруков, Горький, Калык Акиев, Абдумомунов, Рыскулов көчөлөрүндө;
— 9:40— 17:00— Учкун конушунда, Щербаков, Орозбеков, Тоголок Молдо, Мичурин, Пролетарский, Изюм, Майлуу-Сай, Баткен көчөлөрүндө;
— 10:00— 18:00—Көк-Жар конушунда;
— 11:00— 15:00— Элебаев, Карасаев, Медеров, Байтик баатыр, Чернышев, Горький көчөлөрүндө электр жарыгы жана газ өчүрүлөт.
«Электр жарыгы жана жаратылыш газы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.