Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат

Автор -

Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат. Бул тууралуу  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылып жаткан музейге белгилүү балбан Кожомкулга таандык кийим-кече жана буюмдары, фотоаппаратка тартылган эксклюзивдүү сүрөттөрү жана башка сейрек кездешүүчү экспонаттар коюлат.

Бул иш чара балбандын 130 жылдык мааракесине арналып аткарылууда.

Музей ачылышы 5-февралда саат 11:00дө Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт.