«Ушул жылдын 8-февралынан 11-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат . Жолдор тайгак болуп муз тоңот»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар:
- Төө-Ашуу ашуусу
- Ала-Бел ашуусу,
- Чычкан капчыгайы
- Чапчыма ашуусу
- Ийри-Суу тилкеси
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында
- Чоң-Ашуу ашуусу
- Талдык ашуусу
- Кара-Гөө ашуусу
- Чоң-Ашуу ашуусу
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.