ӨКМдин маалыматына ылайык, 6-февралы күнү Жалал-Абад шаарындагы № 4 «Алтын балалык» мектепке чейинки мекемесинде Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.
Маалымат катары айта кетсек, 2018-жыл ичинде Жалал-Абад облус аймагында 642 өрт кырсыгы катталып, ал эми Чаткал районунда 2 мектепке чейинки мекемеде өрт кырсыктары катталган, андан келтирилген материалдык чыгым 2 783 899 сомду түздү.
Өрттүк-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча балдар бакчасынын ашканасында катталган чыккан өрттү байкап калган кызматкер,өрткө каршы-куткаруу кызматына, мекеме администрациясына кабар берип,балдар бакчасынын кызматкерлери жаш балдарды коопсуз жайга эвакуация иштерин жүргүзүп, өрт өчүрүүчү каражаттар менен өрт кырсыгын өчүрүү иштерин уюштурушкан.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулар машыгуу болгон жерге ыкчам жетип келишип, өрттү чалгындап, имараттын ичинде жабырланычуларды куткарып, өрт өчүрүү иштерин өз убагында өчүрүлдү.
Машыгууга Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуунун коомдук коопсуздукту сактоо, медициналык кызматтары тартылды.
Машыгуунун соңунда балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин жана өрт өчүрүү жабдууну кантип колдонуу керектигин практика жүзүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.