ӨКМдин маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 16:16да Бөкөнбаев айылынан Коргонду-Булак айылына баруучу унаа жолдун 13-чакырымында Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
«Жабыркаган адамдар райондук оорукагана жеткирилген. Абалдары жакшы»,-деп айтылат маалыматта.