Кадамжайдан 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу заты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февралда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарында ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө 1961-жылы туулган М.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «Лексус RX-330» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Автоунаанын салонуна тинтүү жүргүзүү учурунда 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу заты табылып алынган.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси «Күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.