Кара-Сууда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучунун сөөгү үйүнүн короосундагы мал сарайдан асынып турган абалда мал сарайдан табылган.
Баланын ата-энеси Орусияда иштешет, аны чоң атасы тарбиялап жаткан.
Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок баланын жакындары денени экспертизага берүүдөн баш тарттышты.