Орусияда Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү

Автор -

Орусиянын бир нече шаарында Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү. Акциянын катышуучулары Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынган орус интернет сегментин изоляциялоо жөнүндөгү мыйзамга каршы чыгышты. Митингге 15 миңдей киши катышты.

Акцияны каттоого алынбаган Либертариан партиясынын активисттери уюштурду. Былтыр ушул эле топ Telegram мессенжерин коргоо боюнча ири митинг өткөргөн. Оппозиционер Алексей Навальный дагы иш-чарага активдүү катышууга чакырык таштаган.

Санкт-Петербургда Либертариан партиясы менен «АгитРоссия» кыймылынын өкүлдөрү “Бул жерде орус интернетин өлтүрүшүүдө” деген чакырыктар менен чыгышты.

Кийинчерээк полиция активисттер Роман Аянка менен Григорий Кудрявцевди кармап кетти. Бирок бир нече саат өткөндөн кийин протокол толтурбастан бошотушту. ОВД-Инфо көз карандысыз тобунун маалыматы боюнча Москвада өткөн акцияда 28 киши кармалды.

Орусиянын интернет сегментин изоляциялоону караштырган мыйзам долбоорун 12-февралда Мамлекеттик Дума биринчи окууда кабыл алган. Документтин авторлору “Рунет өзгөчө кырдаалдарда гана дүйнөлүк желеден үзүлөт» деп түшүндүп жатышат. Интернетти изоляциялоого 20 миллиард рубль керектелет.

Бөлүшүү