Бишкекте мектеп окуучусун тебелеп кеткен автобустун айдоочусу камакка алынды

Автор -

5-класстын окуучусун тебелеп кеткен №18 автобустун айдоочусу 3-ноябрга чейин №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда милицияга жол кырсыгынан өспүрүм бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуучу автобустун алдыңкы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. 5-класстын окуучусу жеринде каза болгон.

Белгилей кетсек, каза болгон бала Бишкектеги №70 мектептин окуучусу болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Бишкекте окуучу автобустун дөңгөлөгүнүн алдында калып, жан берди

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү