Жайыл районуда айдоочу унааны башкара албай калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 18:53 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда МАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон кулап калган.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочусу жабыркаган.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Куткаруучулар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага жеткиришкен. Учурда абалы жакшы» [/ads-quote-center]