Дагы бир мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Автор -
235

Сооронбай Жээнбеков „Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын айыл чарба багытындагы жерлерин натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле фермердик жана дыйкан чарбаларды колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Анда жеке жактардын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди берүү шарттарга карабастан, айыл чарба продукцияларын өндүрүү үчүн жерди бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) пайдалануу каралган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине жана «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.