Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча мамлекеттер аралык комиссия түзүлөт

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Жээнбеков жана Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалга жол бербеш үчүн биргелешкен комиссия түзүү, мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл экенин белгилешти» [/ads-quote-center]

Бул арада Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери башкармалыгы билдирүү таратты. Анда чек арада кырдаал оор экенин маалымдаган.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат.’]»14-мартта Исфаранын Ворух жамаатына кире бериште топтолгон Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары делегация өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө жолтоо болушту. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да чогулган аксайлыктар жолду жаап, тажик жарандарын таш менен ургулашкан» [/ads-quote-center]

Тажик тарап бул күнкү тирештен ​Ворухтун Тидон участкасынын 1982-жылы туулган Расулиддин Тешаев аттуу тургунуна ок тийип, алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапканын, 2003-жылы туулган Ансориддин Хайдаровдун оң колуна ок тийип, жергиликтүү ооруканада дарыланып жатканын кошумчалаган.

Буга чейин «Азаттыктын» тажик кызматы 13-мартта 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран октон мерт болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталды. Баткен облустук милициясы ал тажик тарап аткан октон жараат алганын билдирди.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Тажик тараптын расмий билдирүүсүндө «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.

Кыргызстан жолдун курулушу мыйзамдуу жана өз аймагында жүргүзүлгөн деп эсептейт.