Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде билдирди. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы уюштурган митингде Атамбаев «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтты.
Ал «өз катасын оңдоого аракет кыларын жана чындыкты айтарын» кошумчалады.
Атамбаев азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү деп айыптап, мындан баш тартууга чакырып, Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Экс-президент элге эгемен Кыргызстан керектигин, мамлекет башчылары башка өлкөнүн жетекчилери менен тең ата саясат жүргүзүшү керек экенин айтты.
Ал убакыт өткөн сайын азыркы бийлик Курманбек Бакиевдин бийлигин эстетип жатканын айтып, өткөн жылдан баштап анын үй-бүлөсүнө кысым күчөгөнүн билдирди.
Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үй-бүлөлүк башкарууга кайтпай турганын айтып келет. Бүгүн Аксыдагы эскерүү жыйынында да Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин кландык башкарууга жол бербей турганын билдирди.