Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

Автор -
572

12-мартта Анжиян облусунун Асака шаарында Paynet төлөмдөрүн кабыл алуу күрөсүнүн алып салууга каршы чыккан ишкер жылаңач чечинип алып, асфальт жолго жатып алган.

“Бул Асака шаарынын башчысы Хурсанд-хожи Paynet күрөксүнүн ээсине келип, аны түрттүрүп саларын айткан күнү болду. Бул жигит психикалык жактан соо. Болгону ушундай ыкма менен жападан жалгыз киреше булагынан ажыратып жаткан бийликке каршылык көрсөткөн”
деди окуяга күбө болгон жергиликтүү ишкер.

Окуя ички иштер органдары тарабынан каттоодон өткөн эмес. Күркөнүн ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Асака шаарынын башчысы Хурсандбек Юлдашев Нажмиддин Кубро көчөсүндө жайгашкан Paynet күркөсүн мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иш-чараларынын негизинде түртүрүүгө аракет жасаганын түшүндүрдү. Бирок аткаминер күркөнүн ээси жылаңачтанып алып, каршылык билдиргени тууралуу маалыматты четке какты.

Асака шаарындагы чиновниктердин биринин айтымында, калаа бийлиги Paynet төлөмдөрүн кабыл алуу күркөсүн түртүрүү демилгесинен баш тарткан.

“Бийлик сестенди, себеби мындай “жылаңач” акция Өзбекстанда биринчи жолу болуп жатат. Жергиликтүү аткаминерлер түшүнүп турат, эгер бул маалымат президентке жетсе, көптөгөн “баштар” ыргыйт”
деди ал.
Бөлүшүү