Токмок шаарында болгон жаңжалдан улам 29 жаштагы Чүй айылдык кеңешинин депутаты С.Т. каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 3:05те Токмок ШИИБга бычактан жаракат алып каза болгон жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Кылмышка шектүү катары Токмоктун 24 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.