Кыргызстандык спортчулар Алматы облусунун (Казакстан) таэквон-до GTF боюнча ачык биринчилигинде 17 медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 9-10-март күндөрү Алматы шаарында өттү. Спортчулар мелдеш алкагында 3 багытта жеңүүчүлөдү аныкташты: жеке массоги, хьенг жана командалык массоги.
Биринчиликте Кыргызстан курама командасы 9 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медаль багындырып, командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Медаль ээлеринин тизмеси:
Алтын: Виктория Плотникова, Лейсан Аджиходжаева, Сабырбек Анарбеков, Адилет Талантбеков, Нурболот Медербек уулу, Баймырза Абдыласов, Сыймык Алтынбек уулу, Ханболот Эрнисбек уулу, Каныкей Алтынбекова .
Күмүш: Чынгыз Раимжанов, Радион Сабенин, Эмирхан Рахматов, Арзыгуль Шайзакова, Курманбек Захрединов.
Коло: Элхан Канназаров, Алмазбек Абдиллаев.