Кыргызстанда паспорт алуунун баасы арзандады

Автор -
637

Кыргызстанда 12-марттан тарта жалпы жарандык жана чет элдик паспорт алуунун жана алмаштыруунун баасы арзандады. Бул тууралуу мамлекеттик «Инфоком» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, баалар Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2019 жылдын 21-февралындагы буйругунун негизинде өзгөрдү.

Айрым кызматтар 30 сомдон 270 сомго чейин арзандады.