Кыргыз-кытай чек арасы 2 күнгө жабылат

Автор -
331

Кытай тараптын демилгеси менен “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 5-апрелден 7-апрелге чейин убактылуу жабылат.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытай Эл Республикасында Маркумдарды эскерүү күнүнө жабылат.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайларында жарандарды, унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 8-апрелде жанданат.