Жамшитов: Прокуратура органдарынын 6 жоопкерчиликсиз кызматкери бошотулду

Автор -
222

Депутаттарга кайрылуулар көп келет. Айрым бир жарандарга мыйзамсыз кылмыш иштери козголуп жатканын биз дагы жакшы билебиз, сиз деле жакшы билесиз, туурабы? Жарадарга мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогон кызматкерлерге карата кандай чаралар көрүлөт? Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеште башкы прокурордун 2018-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатканда ушундай собол салды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул багытта жоопкерчиликсиз кызматкерлерге карата тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын, 2018-жылы прокуратура органдарынан 6 кызматкер бошотулганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Сот тарабынан актоо чечимдери чыгарылган кылмыш иштери дароо кайра каралып, ал маселе коллегияда талкууга алынып турат. Өткөн жылы 84 кылмыш иши боюнча 108 адам акталган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу кыйла аз. Ал эми мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери боюнча 1 кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүрүүдө»[/ads-quote-center]

Башкы прокурордун айтымында, жаӊы кодекстерде «мыйзамсыз козголгон кылмыш иши» деген түшүнүк жок.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады ал.’]«Тергөөчү бир сутканын ичинде кылмыш ишин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катташы керек»[/ads-quote-center]